Бир суткада 207 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында - 102, Ош шаары - 8, Чүй облусу - 40, Ош облусу - 8, Талас облусу - 3, Нарын облусу - 8, Ысык-Көл облусу - 24, Жалал-Абад облусу - 11, Баткен облусу - 3 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында төрт, Чүй облусунда үч жана Талас облусунда бир бейтап каза болду.
2020-жылдын март айынан бери 103 миң 207 киши вируска чалдыгын, 1 миң 773 бейтап көз жумду.