Кемпир-Абад суу сактагычында чөккөн баланын жансыз денеси табылды

Кемпир-Абад суу сактагычында чөккөн баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Кара-Суу районунда 17-август күнү Правда айылында жайгашкан Кемпир-Абад суу сактагычына 1998-жылы туулган Э.А. аттуу бала чөгүп кеткен. Бүгүн 18-август күнү жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн саат 7 куткаруучу тартылып, саат 15:12де куткаруучулар тарабынан баланын жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД