Чүй облусунда бычактан алган жаракатынан улам ооруканада 33 жаштагы жаран каза тапты. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 7-сентябрда райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканада 1988-жылы туулган Б.З. аттуу жаран каза тапты деген маалымат түшкөн.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, 5-сентябрда маркумга бычак сайылып, ооруканага жеткирилген. Бирок ал алган жаракатынан улам 7-сентябрда каза тапкан.
Бул окуяга тиешеси бар делген шектүү жаран кармалды. Ал 1975 -жылы туулган М.А. аттуу жаран. Убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылып, учурда сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.