Президенттин кортежи катышкан жол кырсыгы: 67 жаштагы шектүү камалды

Президенттин кортежиндеги унаанын катышуусунда болгон кырсыкта 67 жаштагы киши кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу журналисттерге укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 8-сентябрда, соттун чечими менен "Субару" унаасынын 67 жаштагы айдоочусу камакка алынган.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал мас абалында болгон жана КР Президенти Садыр Жапаровдун кортежинин унааларынын бирине урунган, анын кесепетинен бир дарыгер каза тапкан.

"Субарунун" айдоочусу кырсык болгон учурда мас абалында болгон, бирок ал муну мойнуна албайт жана өзүн күнөөлүү деп эсептебейт. Ал эки айга, башкача айтканда 2021-жылдын 6-ноябрына чейин тергөө абагына камалды" – деп билдирди укук коргоо органдарынын кызматкерлери.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД