Жалал-Абад облусунда күйдүргү оорусуна шектүү 7 адам ооруканага жаткырылды

Жалал-Абад облусунда күйдүргү оорусуна шектүү 7 адам ооруканага жаткырылды. Алардын биринин диагнозу лабораториялык түрдө тастыкталган. Бул маалыматты Республикалык карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар борборунун эпидемиология бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Бектурдинов тастыктады.

Анын айтымында, борбордун адиси окуя болгон жерге эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүү үчүн барган.

Аймактык саламаттыкты сактоо координатору бейтаптардын биринин абалы орто, калгандары канааттандырарлык экенин билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД