Бир суткада 376 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында - 283, Ош шаары - 17, Чүй облусу - 66, Ош облусу - 14, Талас облусу - 4, Нарын облусу - 5, Ысык-Көл облусу - 21, Жалал-Абад облусу - 9, Баткен облусу - 2 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен Бишкек шаары жана Чүй облусунда үчтөн, Нарын жана Ысык-Көл облустарында бирден бейтап каза болду.
2020-жылдын март айынан бери 103 миң 583 киши вируска чалдыгын, 1 миң 781 бейтап көз жумду.