Россиянын Ленинград облусунун Разбегаево айылында Кыргызстандын 65 жаштагы жараны кармалды. Бул адам 2018-жылы жасаган кылмышы үчүн мамлекеттер аралык издөөдө болчу. Бул тууралуу "47channel" басылмасы полициядагы булагына таянуу менен билдирди.
2018-жылдын 28-апрелинде Ош шаарында кармалган адам жергиликтүү тургунду алдап, 2,5 миң АКШ долларын берүүгө мажбурлаган. Шектүү 2018 -жылдын 11-июнунда дайынсыз жоголуп, 2018 -жылдын 20 -июнунда мамлекеттер аралык издөөдө болгон.
Кылмышка шектүү жаран Ленинград облусунун аймагында жашынып жүргөн. Ошол эле учурда кармалган адамдын Санкт-Петербург жана Ленинград облусунун аймагында каттоосу болгон эмес.
Ал киши полиция бөлүмүнө жеткирилген. Ыкчам кызматкерлер кылмышкердин кармалышы тууралуу Кыргызстандын укук коргоо органдарына да кабарлаган.