Кыргызстанда дагы 68 адам коронавирус жуктуруп алды, 2 бейтап каза тапты

Бүгүн, 13-сентябрга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 68 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 31, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 15, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 8, Жалал-Абад облусунда – 4, Баткен облусу – 3 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 95 адам илдеттен сакайып чыгып, 2 бейтап каза болду.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 177 миң 226 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 171 миң 523 киши айыгып чыкса, 2 миң 574 адам каза болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД