Мурас-Ордодо 13 жаштагы инисин өлтүргөн 17 жаштагы шектүүгө өкүм чыкты

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Мурас-Ордо конушунда 13 жаштагы инисин өлтүргөн шектүүгө карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу сотто маалымдалды.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 9-сентябрында С.уулу А. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин "Кумар абалында киши өлтүрүү" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган. Ал 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Бирок, аны 3 жылга пробациялык көзөмөлгө алуу менен бошотушту.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 17-мартында Мурас-Ордо конушундагы жеке менчик үйдө бычак менен жараланган баланын сөөгү табылган. Маркум 2008-жылы туулган А.М. аттуу жаран.

Туугандарынын айтымында, ал талма оорусу менен жабыркаган, ошондуктан балага жардам көрсөтүү үчүн туугандарынын дайыма жанында болуусу талап кылынган. Ошол күнү эртең менен ата-энеси жумушка кеткен, аны менен бирге үйдө анын 2004-жылы туулган агасы калган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД