24 жаштагы кыргызстандык куудул "Ачык микрофон" шоусуна кабыл алынды

Кыргызстандык стендап-куудул Алмаз уулу Элдос ТНТ телеканалындагы "Ачык микрофон" шоусуна кабыл алынды. Ал 24 жашта болсо дагы мектеп окуучусундай көрүнгөн өзгөчөлүгү бар.

Стендап-куудулдун ден-соолугу боюнча эч кандай көйгөйү жок. Бирок анын бою өспөй калган. Элдос көңүлүн чөгөрбөйт жана ал өзүнүн өзгөчөлүгү тууралуу тамашалап турат. "Мурда уялчумун. Эмнеге мындай? Эмнеге менин боюм өспөй жатат? – деп, азыр болсо бул кадыресе көрүнүш болуп калды, дейт жигит.

Ал эми программада ал адаттан тыш келбетин тамашага салган.

"Менде баары жакшы, силер тез карып баратканыңар үчүн мен күнөөлүү эмесмин. Менин Алла Пугачевадай көрүнгөн классташ кызымды аягыла", - деп ал көрүүчүлөрдү күлкүгө салды.

Натыйжада, стендап-куудул Алексей Щербаковдун командасынан орун алды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД