Унаа уурдоого шектелген 17 жаштагы өспүрүмдөр камакта калды

Ош шаарында өспүрүмдөр унаа уурдоого шектелип кармалышты. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 31-августта Ош шаарынын тургуну К.У. арыз менен милицияга кайрылган. Анда ал И.Раззаков көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн жанынан белгисиз адамдар анын унаасын уурдап кетишкенин айткан.

Арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

9-сентябрда Бишкек шаарында ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Өзгөн районунун 17 жаштагы эки тургуну кармалган.

30-августтан 31-августка караган түнү өспүрүмдөр жабырлануучуга таандык "Дэу Тико" унаасын уурдап кетишкен. Алар шаардан Өзгөн районунун Жылалды айылына унааны айдап кеткенде күйүүчү майы түгөнүп калган. 31-август күнү эртең менен алар унааны таштап, өздөрү Ош шаарына кайтып келишкен.

11-сентябрда Ош шаардык соту баш коргоо чарасын карап, шектүүлөрдү 11-октябрга чейин камакта калтырды. Учурда бул окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД