Телефон жана 17 миң сом уурдоого шектелген 18 жаштагы жаран кармалды

Сокулук районунда уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 26-август күнү 1985-жылы туулган С.Т. Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө кайрылган. Анда ушул жылдын 25-августуна караган түнү Ново-Павловка айылында жайгашкан унаа жуучу жайлардын биринен анын телефонун жана 17 500 сом акчасын уурдап кетишкен белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган.

Бул факты КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренесинде (Уурдоо) көрсөтүлгөн кылмыштардын белгилери боюнча катталган.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын КМКнын жана Сокулук районунун ИИБдин кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, бул кылмышка шектүү катары 2003-жылы туулган Б.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД