Чүйдөгү абакта УКТнын мүчөсү 23 жаштагы жигитти мыкаачылык менен өлтүргөн

Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Молдовановка айылындагы №1 түзөтүү абагында жасалган өзгөчө оор кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 1-декабрында Молдовановка айылындагы ЖАМКтын 1-мекемесинин аймагында күйүп жана асылып турган маркумдун денеси табылган. Анын өздүгү аныкталып, ал соттолгон 1996-жылы туулган У. уулу Э. болуп чыккан.

Аталган факты КЖБРге КР Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгү (Киши өлтүрүү) менен катталган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда бул оор кылмышка Чүй облусунда 1994-жылы туулган Ж. уулу Т.нын тиешеси бар экендиги аныкталган. Ж. уулу Т. 2017-жылы (Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 164-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту, 167-беренесинин 4-бөлүгү, 241-берененин 4-бөлүгү) боюнча соттолуп, ЖАМКтын №1 мекемесинде жазасын өтөөдө.

Ал "Общаковскийлер" деп аталган терс маанайдагы соттолгондордун бири жана "жолугушуу бөлмөсүнүн" көзөмөлчүсү болот. Ал ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары турат.

Ж. уулу Т.га КР Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмышка шектелгендиги тууралуу кабарлама тапшырылды.

Учурда бул кылмышка башка адамдардын тиешеси бар экендигин аныктоо үчүн кошумча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД