Фото - Түптө 4 жаштагы кыз жана 6 жаштагы бала өрттөн каза тапты

Кечээ, 14-сентябрда Түп районунун Сары-Булуң айылында эки кичинекей бала өрттөн каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, өрт өчүрүү кызматына үйлөрдүн биринин короосундагы сарайда чөп күйүп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге өрт өчүрүү кызматы келген. Саат 15:00дө өрт курчоого алынып, саат 17:45те толугу менен өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен эки бала каза тапты. Алар 4 жаштагы кыз жана 6 жаштагы бала. Учурда өрттүн себеби такталууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД