Караколдо студент кызды 18 жаштагы айдоочу унаасы менен коюп кетти

Бүгүн, 27-май күнү саат 12:00 чамасында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы К.Тыныстанов атындагы көчөсүндө студент кызды унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.

Маалыматка караганда, "Субару" үлгүсүндөгү унааны 18 жаштагы бала башкарып бара жаткан. Ал эми жабырлануучу кыз шаардагы техникумдун биринде 2-курста окуйт.

"Караколдогу К.Тыныстанов көчөсүндө көпчүлүк окуу жайлар жайгашкан. Жаштардын баары ушул жерде. Унаалар каршы-терши көп өтөт. Мындай кырсыктарды алдын алуу үчүн тийиштүү жол белгилери коюлса жакшы болмок", - дешти күбөлөр.

Кырсык болгон жерге тийиштүү органдардын кызматкерлери келип, иш алып барууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД