Ошто чыр учурунда 31 жаштагы жигит инисин бычактап салган

Ошто бир киши инисин бычактап өлтүрдү. Ал азыркы учурда кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматы боюнча, бүгүн, 21-сентябрда Манас-Ата кичи районунда 28 жаштагы М.Д. өлтүрүлгөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча, бир туугандардын ортосунда чыр чыккан. 31 жаштагы М.О. инисин бутуна бычак менен сайган. Жабырлануучу кан жоготуудан каза болгон.

Окуя болгон жерде тергөө -ыкчам тобу иштеп жатат.

Шектүүнүн айтымында, маркум бир тууган күн сайын ичип, аны менен апасын урушкан- тынчтык берген эмес. Ошон учүн ал ушундай кадамга барган.Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД