Алмамбет Шыкмаматов өз каалоосу менен кызматтынан кетти

Алмамбет Шыкмаматов Кыргыз Республикасынын инвестициялар министри кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров берилген арыз боюнча кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, президент Алмамбет Шыкмаматовду кабыл алуудан бир күн мурун, жыйында Инвестициялар министрлигинин башчысынын өз каалоосу менен кызматтан кетери белгилүү болгон. Шыкмаматов 28 -ноябрдагы шайлоодо Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышууга ниеттенүүдө.

Эске салсак, 2021-жылдын февралында Жогорку Кеңештин экс-депутаты Алмамбет Шыкмаматов Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору болуп дайындалган. Ал эми май айында эле - Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо министри.

Ал арада маалымат каражаттарында жазылгандай, министрдин бош кызмат ордун депутат Нурадил Баясов ээлейт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД