16 жаштагы Алтынай Ботоярова өлкөнүн эң сулуу кызы болду

Кечээ борбордогу ресторандардын биринде "Мисс Кыргызстан -2021" сулуулар сынагынын финалы өттү. Ага өлкөнүн ар кайсы аймактарынан 30 сулуу катышты.

Биринчи чыгууда сулуулар кызыл көйнөкчөн дефиледден өтүштү, баарынын кийимдери окшош болчу. Анан "визитная карточка" болду, кыздар кезек менен микрофонго чыгып, өздөрүн тааныштырышты. Кийин экранда ар бир катышуучу тууралуу видео окуя көрсөтүлдү. Ошондой эле таланттар таймашы болуп өттү, сулуулар бийлеп, ырдап, сүрөт тартып, калыстар тобуна даамдуу тамактарды тартуулады.

Сынактын катышуучуларынын улуттук жана кечки көйнөктөрдөгү чыгыштары эң укмуштуу болду.

Ошол күнү кечинде 16 жаштагы Алтынай Ботоярова өлкөнүн эң сулуу кызы деп табылды. Жеңүүчүгө 400 миң сомдук сертификат тапшырылды. Сынактын биринчи вице -мисси Турдуева Акмарал, экинчиси - Кызжибек Азимбек кызы, үчүнчүсү - Айдай Жокенова. Аларга сыйлык катары Дубайга жолдомолор тапшырылды.

Которгон Назгуль Абдыразакова


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД