Бүгүн, 28-майга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 млрд 1 млн куб метрди түздү. Мындай маалымат "Электр станциялары" ААКтын билдирүүсүндө айтылат.
Суунун агып киргени секундасына орточо 656 куб метр болсо, агып чыгуусу - 267 куб метр.
Ал эми 2020-жылы 28-майда суу сактагычтагы суунун көлөмү 12 млрд 399 млн куб метр болчу.