Рыспек Акматбаевдин ата-энеси Ысык-Көлдөгү унаа кырсыктан каза болушту

Ысык-Көлдөгү кырсыкта киши колдуу болгон кримавторитет Рыспек Акматбаевдин ата-энеси каза болгонун айрым кыргызстандык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

4-октябрь күнү эртең менен Lexus RX300 үлгүсүндөгү унаа Чолпон-Ата шаарынан Балыкчыга бара жаткан, айдоочу бурулуп бара жатканда рулду башкара албай калган, натыйжада унаа оодарылып кеткен.

Унааны 1937 -жылы туулган Абдымалик Акматбаев башкарып бара жаткан. Салондо анын аялы - 1940 -жылы туулган Сабира Содалиева болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД