Министрлер кабинетинин башчысы кайтаруусу бар машина жок жүрө алабы?

Бүгүн, 6–октябрда "Пирамида" телеканалы жана интернет аркылуу түз чагылдырылган Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөгү" конституциялык мыйзамдын долбоору экинчи окуусу каралды.

Бул мыйзам долбоорун талкуулоодо депутат Дастан Бекешев "Эмне үчүн мыйзам долбооруна ылайык, министрлер кабинетинин төрагасы кайтаруусу бар автомобилдер менен жүрүшү керек?,-деген маселени кабыргасынан койду. Депутаттын айтуусунда президенттик администрация башчысы Сүйүнбек Касмамбетов да кайтаруусу жок автомобиль менен жүрөт. Мындай коштоо мамлекеттик бюджетке кошумча чыгым жүктөп, жолдордун жабылышына жана тыгындарга алып келет.

"Азыр, мурдагы премьер-министрден айырмаланып, министрлер кабинетинин төрагасы президенттин жардамчыларынын гана бири", - деп айтты Д. Бекешев.

Депутаттын бул эскертүүсүн талкуулоо учурунда белгилүү болгондой, азыр мамлекеттик кайтаруу президентке, өкмөт башчысына жана Жогорку соттун төрагасына таандык. Дастан Бекешевдин "Министрлер кабинетинин төрагасы кайтаруусу бар автомобилсиз эле жүрүшү керек" деген сунушу "белгиленген тартипте каралат".

Бекешовдун ашыкча чыгымдарды кыскартуу жана үнөмдүүлүк үчүн Жогорку Кенештеги президенттин жана өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн бир кызматка бириктирүү тууралуу сунушу каралып жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД