"С.Жапаров Кумтөр маселеси боюнча Кыргызстандын кызыкчылыгын коргойт"

ЖКнын экс-вице-спикери, юрист Кубанычбек Исабеков Кумтөрдө тышкы башкаруунун киргизилишин туура кадам деп атайт, бул үчүн президент Садыр Жапаровдун гана саясий эрки жетти. Ошол эле учурда, "Бул башталышы гана, андан ары улутташтыруу зарыл",- деп тактыктайт.

"Эл аралык экономикалык хартия бар, ага Кыргызстан мүчө. Бул документте кайсы гана мамлекет болбосун, өз аймагында экономикалык жана чарбалык иш алып барган чет өлкөлүк компаниянын менчигинин түрүнө карабастан ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөгө, инвесторлорго суроо берүүгө, мыйзамдарды жана эрежелерди сактоону талап кылууга укуктуу экендиги белгиленген. Табигый -климаттык, экологиялык коркунучтар же мамлекеттин жашоочуларынын өмүрүнө кооптуу жагдай туулса, мамлекет ишкананы улутташтырууга укуктуу. Башкача айтканда, биздин учурда, Кыргызстан улутташтырууга толук укуктуу жана биздин Конституция буга жол берет ", - дейт Исабеков.

Белгилей кетсек, жакында эле Кумтөрдө уулуу калдыктарды мыйзамсыз төгүү фактысы аныкталган. Рудниктин ар кайсы жерлерине химиялык реагенттердин калдыктары, эски дөңгөлөктөр, ал тургай бүтүндөй машиналар көмүлгөн. КРнын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин адистери КГКнын сырттан башкаруу командасы менен бирдикте мурда белгисиз болгон таштанды таштоочу жайларды табышты.

Рудникте көп жылдар бою өндүрүш жана тиричилик таштандылары кайра иштетүүнүн ордуна жөн эле жерге көмүлгөн. Бул полигондор бир дагы отчетто же документте көрсөтүлгөн эмес, алар кызматкерлердин эскерүүлөрүнүн гана негизинде табылган. Казуу иштерине катышкандардын баары көргөндөрүнө таң калышты. Экологдордун айтымында, рудниктеин бардык жеринде ушундай көрүстөндөр бар.

"Кумтөр-биздин бүтүндөй өлкөбүз үчүн оорулуу жана азап маселе. Долбоор элдик болушу керек болчу, бирок элге каршы болуп чыкты",-деп эсептейт экс-вице-спикер.

Ал иш жүзүндө Канада тарап Кыргызстанды башынан эле алдап келгенин баса белгилейт.

"Мен аларды абийирдүү инвесторлор деп айтууга тилим барбайт. 2003 -жылы, Центерра түзүлгөндө, 1987 -жылы алтын запасы 716 тонна деп бааланган Кумтөр кени бар Кыргызстан ага кирген. Канадалыктар монгол Бору жана Гацурт менен киришти - бул эки кен тең мамлекеттик эмес, жеке менчик болуп чыкты, ошондой эле Невададагы (АКШ) Ренн кени. Аталган алтын чыгуучу үч кен тең Кумтөрдөн алты эсе кичине. Мындан тышкары, канадалыктар рудникке өз каражаттарын иш жүзүндө салган эмес: алар биздин алтын кенибизди күрөөгө коюшуп, кредит алышкан, аны буга чейин жүз жолу кайтарып алышкан ", - дейт Кубанычбек Исабеков.

Ал Центерранын түзүлүшүнө негиз болгон афераны далилдөө оңой экендигине ишенет. "Бизди дароо алдашты, кийин да алдай беришти. Көрсө, канадалыктар формалдуу активдер менен кирген экен. Бирок кийинчерээк алар кыргыз алтынынан тапкан акчасына Монголиядагы, Россиянын Тыва Республикасындагы , Түркиядагы жана Канададагы кендерди сатып алышкан. Кыргызстан бул кендерден кайсы бир үлүшүн алдыбы? " – деген риторикалык суроо берет экс-вице-спикер.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД