Нарында малдан сибирь жарасы чыктыбы? Жооп

Нарын ОИИБи социалдык тармактарда тарап жаткан аудио билдирүү боюнча тастыктама берди.

"Социалдык тармактарда тарап жаткан белгисиз жаран Нарында "Сибирь жарасы" малдагы оору чыгып жаткандыгы тууралуу билдирүү жасаган.Бул боюнча аудио уктуруу WhatsApp мессенджериндеги тайпаларда тарап жаткандыгына байланыштуу Нарын ОИИБи тастыктама беребиз:" Азыркы учурда облус аймагында эч кандай мал оорусу боюнча факт катталган жок жана бул оору боюнча эч кандай билдирүү келип түшкөн эмес" бул жалган маалымат.

Жарандарды бул билдирүүгө ишенбөөгө чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД