Россия Кыргызстанга жеткирилүүчү мунайдын көлөмүн көбөйттү

Белгилүү болгондой, жакында эле Россия Кыргызстанга бензин жана дизель майын бажы төлөмүсүз ташуунун көлөмүн көбөйттү. 12-октябрда Москва шаарында кол коюлган протоколго ылайык, мунай жана мунай продуктуларынын индикативдик балансына өзгөртүүлөр киргизилип, 2021-жылдан тарта бажы төлөмүсүз ташылуучу бензиндин көлөмү 190 миң тоннага, дизель майынын көлөмү 65 миң тоннага жогорулатылды. Серепчилер бул чечим керектөөчүлөрдүн сатып алуу жөндөмүнө оң таасирин тийгизиши керек деген пикирлери менен бөлүшүүдө.

Алсак, өлкөбүздөгү ири Red Petroleum май куюучу жайлары тармагынын башкы директору Акылбек Маматов индикативдик баланстын өсүшү күйүүчү -майлоочу каражаттардын ички рыногуна жана анын наркына оң таасирин тийгизет деп эсептейт.

Кыргызстандагы ири Red Petroleum компаниясынын директору эске салгандай, күйүүчү-майлоочу каражаттарды бажы төлөмүсүз импорттоо боюнча биринчи келишимге 2016-жылы эле кол коюлган. Бирок Акылбек Маматов баса белгилегендей, тараптар ортосундагы келишимдерде Россиядан Кыргызстанга импорттолуучу күйүүчү майдын көлөмү мурдагы бойдон калган жана көбөйтүлгөн эмес.

"Ошол эле учурда, статистика таянсак, өлкөдө күйүүчү майды керектөө жыл сайын 5-7%га өсүүдө. Буга бир катар экономикалык жагдай, ошондой эле өлкөдөгү автоунаалардын санынын көбөйүшү башкы себеп. Андан тышкары, агросекторду насыялоо жогорулагандыктан, айыл чарба тармагында жигердүүлүк байкалып, күйүүчү майды керектөө, айрыкча жазгы-күзгүү талаа иштеринде дизель майына болгон муктаждык артууда", – деди Акылбек Маматов.

Мунайдын аныкталган кору боюнча Россия дүйнөдө алтынчы орунда турарына карабай, башка өлкөлөр сыяктуу эле пандемиянын кесепеттеринен жапа чегип, ички рыногунда да мунай продуктыларынын жетишсиздигине дуушар болду. Ал тургай, ички керектүүнү камсыздоо үчүн Европанын алыскы өлкөлөрүнө экспорттоону азайткан учурлар да катталды.

Өз кезегинде Россия илимдер академиясынын Эл аралык экономикалык жана саясий изилдөөлөр бөлүмүнө караштуу (ОМЭПИ) Постсоветтик изилдөөлөр борборунун Постсоветтик өлкөлөр жана евразиялык интеграция секторунун жетектөөчү илимий кызматкери, профессор Аза Мигранян Россия Кыргызстандагы экономикалык процесстерди турукташтырууда маанилүү роль ойной турганын белгилейт. Айрыкча, коронавирустук пандемиянын натыйжасында, дүйнөдө жана Евразия чөлкөмүндө COVID-19дун жайылышына каршы күрөшүүнүн кесепеттеринен улам ЕАЭБге мүчө өлкөлөр бир катар экономикалык жана социалдык көйгөйлөргө тушукту. Окумуштуунун ою боюнча күйүүчү -майлоочу каражаттарга тиешелүү кабыл алынган бул чечим Россиянын Кыргызстанга карата "стратегиялык" өнөктөштүк мамилесин ачыктап турат.

"Бажы төлөмүсүз ташылган бензиндин жана дизель майынын көлөмүнүн көбөйтүлүшү Россиянын Кыргызстанга көрсөткөн көмөгү жана аймактагы экономикалык туруктуулукту камсыздоого багытталган өнөктөштүк колдоосу катары сыпатталат" – дейт серепчи.

Акылбек Маматов да Аза Миграняндын пикирине макул болуу менен бирге баанын жогорулашына ички рыноктогу суроо-талап менен дүйнөлүк жагдай да таасир берерин белгиледи. 2020-жылы мунай өндүрүүнүн көлөмү кыскарганын, бул жылы дүйнөдө баррелдин баасы өскөнүн айткан Акылбек Маматов: "Мунай жана мунай продуктыларын керектөөдө каатчылыкты жараткан коронавирустук пандемия шартында Мунай экспорттогон өлкөлөрдүн уюмунун (ОПЕК) мүчөлөрү жана картелге кирбеген мамлекеттер мунай өндүрүшүнүн көлөмүн кыскартуу боюнча келишимге келишти. Натыйжада мунайды кайра иштетүүчү заводдорго ташылган чийки заттын көлөмү кыскарды. Эми кара алтынды казып алууга киргизилген чектөөлөр алынганына карабай, кайра иштетүүчү заводдордо чийки заттын жетишсиздиги курч бойдон калууда", – деди. Бүгүнкү күндө дүйнөлүк рыноктогу баанын жогорулашынын негизги себеби – мунайдын жетишсиздиги. "Пандемияга чейинки мезгилге" салыштырганда жалпы керектөөнүн 60-70%ы гана канаттандырылууда.

Ал эми Кыргызстанда бир ай мурун эле дагы бир кошумча себеп катары бажы төлөмүсүз алынган күйүүчү-майлоочу каражаттардын корунун азайгандыгына байланыштуу анын наркынын жогорулай тургандыгы болжолдонгон. Бирок бажы төлөмүсүз алынган күйүү-майлоочу каражаттардын көлөмү көбөйтүлгөндүктөн, эми баанын турукташуусу күтүлүүдө. Пандемиядан улам өткөн жылы экономикалык өсүш жайласа, быйыл экономикалык жигердүүлүк артып, керектөө кескин өстү. Анткени менен бул ички рыноктогу себептердин бирөөсү гана экенин айткан Акылбек Маматов: "Мунайды кайра иштетүүчү жергиликтүү ири заводдор ишин токтоткондуктан, бул дагы бажы төлөмүсүз күйүүчү майдын жетишсиздигине таасирин тийгизди. Ага ылайык, Өкмөтүбүз жыл аягына чейин канча көлөмдө күйүүчү-май керектелерин эсептеп чыгып, ошол көлөмдү сурады",– деп түшүндүрдү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД