Америкалык актёр кино тартуу учурунда кокусунан эки адамды атып алды

Америкалык актёр Алек Болдуин фильм тартуу учурунда кокусунан режиссёр менен операторду тапанча менен атып алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя тасма тартуу учурунда бош патрон жүктөлүшү керек болгон тапанчаны атуу учурунда болгон. Кырсыктын кесепетинен эки адам жаракат алып, бирөө каза болгон.

42 жаштагы оператор Алина Хатчинс санитардык авиация менен ооруканага жөнөтүлгөн, бирок анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес. Ал эми жаракат алган экинчи адам - 48 жаштагы кинорежиссёр Жоэл Сус. Анын абалы өтө оор экени жазылат маалыматта.

Ал эми полиция кызматкерлери Алек Болдуин реквизиттер үчүн курал атканын тастыктап, бирок ага азырынча айып тагыла электигин билдиришкен.

Алек Болдуин 63 жашта. Ал "Перл-Харбор", "Миссия невыполнима" (несколько частей), "Отступники", "На грани", "Битлджус", "Привычка жениться" тасмаларында жараткан ролдору аркылуу белгилүү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД