УКМК Ресторанда журналист кызга тийишкен жигитти кармады

"УКМКнын кызматкеримин деп журналист Мээрим Айныкеевага кысым көрсөткөн адам мекемеге алып келинди", - деп бүгүн, 22-октябрда УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал Бишкек шаарынын тургуну, убактылуу эч жерде иштебейт, учурда ал УКМКнын кабыл алуу бөлүмүнө алып келинген.

"11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Н.М. "Шахрезада" ресторанында мас абалында эс алып жүргөндө ал жерде мурда иштешкен таанышы Мээрим Айныкеева да болгон. Ал журналист менен баарлашуу үчүн ийгиликсиз аракеттерди жасаганын жана тамашалап өзүн УКМКнын кызматкеримин деп тааныштырганын моюнуна алды. Ошол эле учурда Н.М. УКМКнын кызматкери болгон эмес жана кылган ишине өкүнгөнүн айтты. Учурда анын кылган иш-аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн материалдар УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди", - деп жазылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД