Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Кырчын тилкесинде ГЭС курулуп жаткан жерге жүк ташып бара жаткан КамАЗ унаасы сайга кулап кеткен. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирди.
Кырсыктын кесепетинен 1 эркек киши (азыркы тапта аты-жөнү такталууда) каза болуп, 4 эркек киши (аты-жөндөрү такталууда) жабыркаган. Жерине 5 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдын жансыз денесин унаадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган адамдар менчик унаа менен ооруканага жеткирилген.