ИИМ Ташиевдин Сузактагы үй-бүлөгө үй белек кылганын териштирет

БШКнын ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобу Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин Сузак районундагы бир үй-бүлөгө үй белек кылганын Ички иштер министрлиги териштирерин маалымдады.

Маалыматка ылайык, Сузак районунун Барпы айылындагы Муратовдун үй-бүлөсүнө жеке үйдүн ачкычы тапшырылганы тууралуу маалыматты Пери Орозбекова социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан. Анда аталган турак жайды каржылоо жана куруу иштери Камчыбек Ташиев тарабынан жүргүзүлүп жатканы, андан ары Ташиевдин бир тууганы Шайырбек Ташиев №14 бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоого ат салышып жатканы белгиленген. Пери Орозбекова Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 28-беренесинин 4-пунктуна таянуу менен, "...талапкердин жакын туугандары шайлоо дайындалган учурдан тартып шайлоонун натыйжалары жарыяланганга чейин кайрымдуулук иштери менен алектенген деп маалымдаган.

Орозбекова "жакшы, эми БШК буга кандай мамиле кыларын белгилейли, шайлоодо баары теңби же жокпу белгилүү болот", - деп белгиледи.

Бул боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобу Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин Сузак районунун Барпы айылындагы үй-бүлөгө үй белек кылганын текшерүүнү Ички иштер министрлигине жөнөткөнүн маалымдады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД