"Түндүк электр" ишканасы Бишкектеги 3,7 миң абоненттин электр жарыгын аралыктан өчүрөт. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.
27-октябрдан тарта өчүрүүлөр башталган. Бул абоненттердин электр жарыгына болгон карызын төлөбөгөнү үчүн болууда.
"Түндүк электр" ишканасынын маалыматына караганда, Бишкек боюнча жарандардын дебитордук карызы 5,7 млн сомго жетти.