БШКнын чечими жокко чыгарылып,Мамытовдун талапкер болуусуна уруксат берилди

Бишкек шаарынын административдик соту "Ынтымак" партиясынын арызын канааттандырып, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго парламенттик шайлоого талапкер болуусуна уруксат берди. Бул туурасында административдик соттун маалымат кызматынан тастыкташты.

Мекемеден белгилешкендей, бүгүн, 28-октябрда Бишкек шаардык административдик соту саясий партиянын арызын карады. Анда Борбордук шайлоо комиссиясынын Талант Мамытовго талапкерлигин көрсөтүүгө салган тыюусун судья жокко чыгарды.

Буга чейин БШК Мамытов төрагалык кызматтан кете элек деп анын арызын каттоодон баш тарткан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД