Бишкек шаарында 1-ноябрдан тарта коомдук транспортторго жол кире акысы көбөйөт. Анда кичи автобустар 15 сом, автобус жана троллейбустарга 11 сомдон төлөнөт. Мындай чечим 28-сентябрда Бишкек шаардык кеңештин жыйынында кабыл алынган.
Маалыматка ылайык, токтом 1-ноябрдан тарта күчүнө кирет.
Белгилей өтсөк, борбор калаада 1923 коомдук транспорт жүргүнчүлөрдү тейлөөдө. Алардын ичинен:
* 1600 менчик кичи автобустар;
* 80 муниципалдык автобус;
* 130 муниципалдык троллейбус;
* 113 менчик автобус.