Тоңдо 19 жаштагы кыз жигитин акыркы сапарга узаткандан кийин өз жанын кыйды

Тоң районунда 19 жаштагы кыз жигити жол кырсыгына кабылып көз жумгандан кийин, өз жанын кыйды. Анын жансыз денеси көл жээгинен асылган абалда табылган. Маалым болгондой, кыз жигити жерге берилген күнү өмүрүн кыйган.Бул тууралуу Турмуш басылмасы жазды.

Жеригиликтүү тургундардын айтымында кыздын жигити Бишкектен Бөкөнбаевге келе жатып Кант шаарында жол кырсыгына кабылып каза тапкан. Анын сөөгү 26-октябрь күнү жерге берилген.

"Ошол күнү аталган кыз жигитин акыркы сапарга узатуу зыйнатына барган. Ал жерден Эшперов айылына бир унаа менен келген. Бирок үйүнө кирбей, башка унаага түшүп кеткен экен. Анан көл жээгине барып, бастырмага асынып алыптыр", - деди айыл тургундары.

Болот Мамбетов атындагы айыл өкмөтүнөн билдиришкендей, 26-октябрь түнү милиция кызматкерлери келип, Эшперов айылындагы видеокамераларды карашкан. Анда кыз айылга "Хонда Степвагон" унаасы менен келгени, кайра башка унаага түшүп кеткени белгилүү болгон. 27-октябрда эртең менен кыз асынган абалда табылган. 19 жаштагы кыздын жансыз денеси Тоң райондук аймактык ооруканасынын өлүкканасына жеткирилип, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД