2-5-ноябрда борбор калаанын бир районунда убактылуу газ болбойт

"Газпром Кыргызстан" ЖЧКсынын Бишкек шаарындагы филиалынын маалыматы боюнча, 2021-жылдын 2-5-ноябрына чейин Биринчи май районунун айрым көчөлөрүндө убактылуу газ болбойт.

Ю.Фучик, Ленская жана Сергей Лазо көчөлөрү менен чектелген аймакта 20 абонент убактылуу көгүлтүр отунсуз калат.

Ленская көчөсү, 50 дарегиндеги жер үстүндөгү газ түтүгүнүн бир бөлүгүнүн кесилишине байланыштуу өчүрүлөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД