Шымдын ичине катып, абакка акча киргизүүгө аракет кылган жаран кармалды

2021-жылдын 28-октябрында ЖАМКнын Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Молдовановка айылында жайгашкан №27-түзөтүү мекемесине акча каражатын киргизүү фактысы катталды. Бул тууралуу ЖАМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган түзөтүү мекемесинде жазасын өтөп жаткан соттолгонго 2000 сом акча каражатын шымынын куруна тигип киргизүүгө аракетин көргөн жаран кармалган.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ЖАМКнын алгачкы текшерүү бөлүмү тарабынан сотко чейинки өндүрүш башталган.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы жарандарга мындай кылмыштар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазаланаарын эскертет.

Ошондой эле ЖАМК тааныш эмес же чала тааныган адамдардан соттолгондорго берип коюу үчүн эч кандай буюм-тайым албоосун сунуштайт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД