Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан бир жуманын ичинде 4078 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын Басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2021-жылдын 21-октябрынан 28-октябрына чейин Бишкек шаарынын аймагында Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан 4078 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Алардын ичинен:
-Мас абалында авто унаа башкаруу -56 айдоочу;
-Авто унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо -14;
-Айдоочулук кубөлүгү жок авто унаа башкаруу -35;
-Жасалма номур менен авто унаа башкаруу -3;
-Жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер катышкан жол эрежелерин бузуулар 70;
-Башка жол эрежелерин бузуулар 3914;
293 авто унаа ар кандай жасаган бузуулары үчүн, убактылуу айып короо жайына токтотулду.