10-кабаттан секирүүгө аракет кылган 6 балалуу аял окуя тууралуу үн катты

Буга чейин Ош шаарында көп кабаттуу үйдөн секирип, жанымды кыям деген 34 жаштагы аялды ӨКМнын куткаруучулары сактап калышкан. Аял бул жолго эмне себептен барганын блогер Акжол Адыл уулуна айтып берген.

"Мени бул абалга Жылдыз Кадырова аттуу жактоочу алып барды. Буга чейин 1 жарым жашар баламды жолдошума тарттырып жиберип ала албай жүргөм. Жактоочум менден "балаңды кайтарып берем" деп 50 миң сомдой акча алып, кийин чалсам "балаңды бербейт. Эмне кылсаң кыл, керек болсо өлүп ал" деди. Биринчи жолдошумдан 4 балам бар. Руслан Жураев экинчи жолдошум. Андан бир кыз, бир уулум бар. Күйөөмдөн таяк жеп, кичүү баламды алдырып жибердим. Баламды көрүүгө барсам кайын атам кол көтөрдү. Кайненем "балаңды өткөрүп бер" деп коркутту. Жолдошумдун биринчи аялынан да таяк жедим. Эл Кара-Суудагы үйүмдү жолдошум берди деп түшүнүп жатат. "Бул келин баласын сатып үй алган экен" деп колдору менен көрсөтүшөт. Ал өзүмдүн үйүм. Чындык таппай айлам кеткенде өз жанымды кыюуга аргасыз болдум. Адамдардан адамдык сапат кетиптир. Бийлик өкүлдөрү, жардам сурайм" - деди ал.

Ал экинчи жолдошу Руслан Жураев төмөнкүчө комментарий берди.

"Мен өз баламды бере албайм. Аны жакшы окуу жайга окутам. Тарбиялап чоңойтом. Мен азыр эмне кылышты билбейм калдым", - деп билдирген келиндин жолдошу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД