Ошто "Коопсуз шаар – 2" долбоорунун алкагында 35 кесилишке камера орнотулат

Ош шаарына "Коопсуз шаар – 2" долбоорунун алкагында 35 кесилишке камералар орнотулат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө 10 кесилиште монтаждоо иштери аяктаган.

Шамшиев жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилиштериндеги жолдорду калыбына келтирүү иштери жүрдү. Ал эми калган казылган жерлер жакын арада бүтүп, кийинки көчөлөргө камера орнотуу, чубалгыларды мантаждоо иштери башталат.

Жолдорду калыбына келтирүү иштери жол кыймылына тоскоолдук жаратпоо максатында түнкүсүн жүргүзүлүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД