Милициянын кайгуул кызматынын Издөө бөлүмү жөө жүргүнчүнү сүзүп качып кеткен айдоочуну кармады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 29-октябрында болжол менен саат 17:00 чамасында Эркиндик Бульвары жана Чокморов көчөлөрүнүн кесилишинен "Chevrolet Spark" үлгүсүндөгү авто унаа 2009-жылы туулган жөө жүргүнчүнү сүзүп качып кеткен. Натыйжада жөө жүргүнчү ооруканага жаткырылган.
Бул факты боюнча милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, натыйжада "Chevrolet Spark" үлгүсүндөгү авто унаанын 2002-жылы туулган А. Ж. атуу кызды таап, Бишкек ШИИББнын жол кырсыктарын тергөо боюнча Тергөо кызматына өткөрүп беришкен. Ал эми авто унаасын убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилген.