Бишкекте "Европа бирлиги – Борбор Азия" биринчи экономикалык форуму өтөт

Бишкек шаарында 5-ноябрда "Европа бирлиги – Борбор Азия" биринчи экономикалык форуму өтөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, форум алкагында жашыл, туруктуу, климаттык экономикага өтүү, санариптештирүү, сергек ишкер чөйрөнү түзүү маселеси талкууланмакчы.

Форум COVID-19 пандемиясынын кесепетинде келип чыккан социалдык-экономикалык каатчылыктан соң жашыл жана туруктуу калыбына келтирүүнү колдоого алууда координацияланган экономикалык жооп кайтаруу чараларын иштеп чыгууга жана аны талкуулоого багытталган.

Форум Борбор Азия өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин жана өкмөт башчыларынын орун басарларынын деңгээлинде өтөт. Европа Бирлигин Еврокомиссиянын аткаруучу вице-президенти Валдис Домбровскис көрсөтөт. Мындан тышкары, Европа Бирлиги өлкөлөрүнөн жогорку деңгээлдеги өкүлдөр, тышкы иштер министрлери, атайы өкүлдөр, ошондой эле атайын жана ыйгарым укуктуу элчилер катышат.

Ошондой эле форумга бир катар эл аралык уюмдардын, финансы институттарынын, анын катарында Дүйнөлүк бажы уюмунун жана Энергетикалык хартиянын жетекчилери, ишкер чөйрө жана банк секторунун өкүлдөрү катышат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД