Нур-Султан - Бишкек аба каттамы 17-ноябрдан тарта жанданат. Шарттары

2021-жылдын 17-ноябрынан тарта Нур-Султан - Бишкек аба каттамы жанданат. Бул тууралуу "Air Astana" авиакомпаниясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, каттамдар шаршемби жана жекшемби күндөрү, ал эми декабрдан тарта дүйшөмбү жана жума күндөрү да аткарылат. Авиакомпания Алматы - Бишкек каттамын күн сайын аткарып келет. Нур-Султан - Бишкек аба каттамын "E190-E2/A-320" учактары аткарат.

Бишкекке учуп келе турган жүргүнчүлөр, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандары, транзиттик жүргүнчүлөр жана 6 жаштан жогорку балдар 72 сааттын ичинде ПЦР анализинин терс натыйжасы бар күбөлүк көрсөтүшү керек. Бул талап эмдөө курсун толук аяктаган жүргүнчүлөргө тиешеси жок.

Азыркы учурда жарандар Бишкек-Алматы, Ош-Алматы каттамы боюнча гана Казакстанга бара алышат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД