Кыргызстанда 16-ноябрга карата коронавирус дагы 103 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында - 47, Чүй облусунда - 35, Ош облусуна −1, Талас облусунда −3, Нарын облусунда - 2, Ысык-Көл облусунда - 7, Жалал-Абад облусунда - 6, Баткен облусунда - 2 адамдан илдет табылган.
"Ал эми бир суткада 97 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында - 45, Чүй облусунда - 24, Ош облусунда - 5, Талас облусунда - 2, Ысык-Көл облусунда - 16, Жалал-Абад облусунда - 5 бейтап айыгып чыкты", - деп айтылат маалыматта.
Сутка ичинде Бишкек шаарларында эки жана Чүй облусунда бир бейтап каза болду.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 906 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 844 медкызматкер айыгып чыкты.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 531 бейтап, амбулатордук түрдө 752 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 182 миң 528 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 177 миң 6 киши айыгып чыкса, 2 миң 710 адам каза болду.