БШКнын жумушчу топтору Фейсбуктагы саясий жарнамага мониторинг жасоодо

2021-жылдын 21-августунан 18-ноябрына чейин Кыргызстан боюнча Facebookтун китепканасында жалпы суммасы 27 917 АКШ долларына жеткен саясий жарнама жайгаштырылган. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, үгүттөө жана каржылоо боюнча БШКнын Жумушчу топтору Фейсбуктагы саясий жарнамага мониторинг жасоодо.

Мурдараак Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Meta (Facebook) глобалдык компаниясына бирдиктүү шайлоо округу, ошондой эле Бишкек шаары жана Кыргызстандын бүткүл облустары боюнча бир мандаттуу округдардан алдыда күтүлүүчү парламенттик шайлоого катышуу үчүн катталган бардык талапкерлердин тизмесин берилген.

Белгилүү болгондой, мындай макулдашууга 2021-жылдын 9-ноябрындагы КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекованын Facebookтун өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда жетишилген. Тараптар анда КР БШК каттоого алынган саясий партиялардын жана бир мандаттуу округдардан талапкерлердин тизмесин берет деп макулдашкан, бул Facebook өзүнүн саясатынын алкагында колдонуучуларды документалдык жактан тастыктоо, тигил же бул аккаунтта кандай адам катталгандыгын билүү үчүн зарыл.

Талапкерлердин тизмеси орус тилинде жана латынча транскрипциясында берилген, фамилиясы, аты жана атасынын атынан тышкары, туулган датасы, иштеген жери жана ээлеген кызмат орду тууралуу маалымат да камтылган.

Facebookтун мамлекеттик саясат боюнча башкаруучу директору Джордж Чен онлайн жолугушууда: "КР БШК үчүн Meta (Facebook) санариптик китепканасы Facebookту пайдалануучуларды эсепке алуучу жазуудан, катталган аккаунттардан чыккан потенциалдуу саясий жарнамага мониторинг жасоо үчүн керек болгон бардык маалыматты алуунун эӊ сонун булагы болот" - деди.

Саясий жарнамалардын баары коомдук мааниге ээ, шайлоолорго же саясатка байланышкан маселелер Китепкананын жарнамасына киргизилет, ал www.facebook.com/ads/library/report дареги боюнча жеткиликтүү, мында үстүнкү баракчада Кыргызстан өлкөсүн тандоо керек.

Талапкерлердин өздүгү аныкталган тигил же бул эсепке алуучу жазуудан чыккандардын баары санариптик китепканада чагылдырылып турат. Соцтармак командасы верификациялоо боюнча чараларды көрөт. "Верификация – бул талапкерлердин жалган аккаунттары үчүн кооптуулукту төмөндөтүү үчүн эӊ сонун ыкма, биз муну башка өлкөлөрдө да жасайбыз, Кыргызстанда саясий контент, жарнама менен байланышкан нерселердин бардыгына карата да ушуну колдонобуз" - деп түшүндүрдү Джордж Чен.

БШК текшерүүчү-ревизиялык тобу Facebook жана Instagram тармактарында саясий жарнамаларды жайгаштыруу үчүн төлөмдөргө мониторинг жасайт жана саясий жарнаманы жайгаштыруу үчүн милдеттүү түрдө тийиштүү шайлоо фондунан төлөм жасалышы керектигин саясий партиялардын, талапкерлердин эсине салат.

Маалымдоо жана үгүттөө эрежелери боюнча жумушчу топ социалдык тармактарда жайгаштырылган үгүттөө билдирүүлөрү шайлоо мыйзамдарынын үгүт жүргүзүү эрежелери бөлүгүндөгү талаптарын аткаруу менен жүргүзүлүшү керектигине талапкерлердин жана саясий партиялардын көӊүлүн бурат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД