Лейлекте унаа уурдай качкан деп 39 жаштагы жаран кармалды

Укук, тартип иш-чарасынын жүрүшүндө автоунаа уурдап качкан жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Исфана шаарынын 36 жаштагы тургуну "Ваз 2106" үлгүсүндөгү автоунаасын токтотуп борбордук базарга кирип чыкканча, автоунаасын белгисиз адам тарабынан уурдалып кеткендигин билдирип арыз менен кайрылган.

Бул арыз Лейлек РИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 206-беренеси (Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Лейлек районунун аймагында жүрүп жаткан "Укук, тартип" иш-чарасынын алкагында, милициянын уполномоченныйлары уурдалган автоунааны урулган абалда Исфана шаарынын Т.Эрназаров көчөсүнөн таап, аны айдап качкан Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын 39жаштагы М.З. аттуу жаранын аныктап кармашкан.

Азыркы күндө тергөө иштери улантылып, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД