Пара талап кылууга шектелген прокурордун орун басары эки айга камалды

Опузалап пара алууга шектелип кармалган Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокурорунун орун басары Алтынбек Айдаров эки айга камакка алынды. Бишкектин Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын 19-ноябрда карап, 2022-жылдын 17-январына чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камоо чечимин чыгарды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамелкеттик комитет (УКМК) опузалап пара алуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокурорунун орун басары Алтынбек Айдаров кармалганын 18-ноябрда кабарлаган.

Расмий маалыматка караганда, шектүү "кылмыш жоопкерчилигине тартам" деп коркутуп, укук коргоо кызматкерлеринен 5000 АКШ долларын талап кылган. Кармоо учурунда аталган сумманын 200 миң сомдон ашык бөлүгүн опузалап алганы тууралуу материалдык жана документалдык далилдер табылган.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев прокуратура кызматкерлеринин кесиптик күнүндө Айдаровдун кармалышы боюнча президенттен кечирим сурап, "Коррупцияга аралашкан кызматкерлерден тазалануу ишине өзгөчө көңүл бурула" турганын айткан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД