Тапанча менен коркутуп тоногон деп 17 жаштагы 4 өспүрүм кармалды

Милициянын кайгуул кызматкерлери тоноого шектүү 4 жаранды кармады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 23-ноябрында болжол менен саат 02:00 чамасында Бишкек ШИИББнин "102" кызматына Ата-Түрк эс алуу паркынан тоноп кетишти деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, 2002-жылы туулган А.И. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле даректен белгисиз жарандар арыз ээсин тапанча менен коркутуп, баасы 14 000 сом турган "Redmi Note 9" үлгүсүндөгү телефонун тартып алып, белгисиз тарапка качып кетишкен.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-аракеттерин жүргүзүп, кылмыш изи суй электе кылмышка шектүү катары 2004-жылы туулган Г.У., 2004-жылы туулган Р.Б., 2004-жылы туулган А.Д. жана 2001-жылы туулган А.А. аттуу жарандарды аныктап, Октябрь райондук ИИБнын Тергөө кызматына жеткиришкен.

Бул факты Октябрь райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 201-берененин (Тоноо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД