Сузакта 10 күндөн бери изделип жаткан 9 жаштагы кыздын сөөгү табылды

Сузакта изделип жаткан 9 жаштагы Сумаянын сөөгү табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Милиция кызматкерлери менен биргеликте коомчулук, ыктыярчылар да тартылып, жүргөн жерин аныктоого жардам көрсөтүп келишкен.

2021-жылдын 27-ноябрь күнү болжол менен 17.00 чамаларда Сузак райондук милиция бөлүмүнө жергиликтүү тургундар тарабынан телефон чалуу болуп, ошол эле райондун Арал айылындагы Көк-Арт суусу аккан чоң сайдын жээгинен болжолдуу 8-12 жаштагы кыздын сөөгү табылгандыгын кабарлаган.

Бул маалымат боюнча Сузак РИИБнин жетекчилиги жана тергөө-ыкчам тобу сөөк табылган жерге барышкан. Жансыз денеге сырттан кароо жүргүзүлгөн жана эч кандай жараттары жок абалда (денеси бүтүн) экендиги аныкталган. Ошондой табылган сөөк Сумая Хосилжанова экендиги такталган.

Бул факты Сузак РИИБнин КЖБРне табылган өлүк болуп катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Учурда тергөө кызматы тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Сузак айылынын тургуну, 2012-жылы туулган Хосилжанова Сумая Уткирбековна 2021-жылдын 18-ноябрь күнү саат 12:40 чамасында мектепке окууга кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД