Сокулукта дайынсыз болуп жаткан 10 жаштагы окуучу кыз Бишкектен табылды

Сокулукта дайынсыз жоголгон 10 жаштагы Жалилова Мария Анваровна табылды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Сокулук райондук ички иштер бөлүмү тарабынан 2011-жылы туулган Жалилова Мария Анваровна изделип жаткан. Ал 26-ноябрда Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылынын Красно-Армейская көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Бул факты боюнча, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кыздын Бишкек шаарынын аймагында жүргөндүгү аныкталды.

Бардык жагдайлар иликтенүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД