Токмокто жоголгон 12 жаштагы кыз Бишкектен табылды

Милициянын кайгуул кызматкерлери адашып кеткен кызды таап беришти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 28-ноябрда болжол менен саат 21:00 чамасында Токмок шаарынын Амбулаторная көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринен 2009-жылы туулган Б.С. аттуу кыз чыгып кеткен бойдон дайынсыз деген маалымат келип түшкөн.

Бул маалымат боюнча өздүк курамга багыттама берилип, Бишкек ШИИББ боюнча милицияынын кайгуул кызматкерлери тарабынан жогорудагы адашып жүргөн кыз Бишкек шаарынын Осмонкул көчөсүнөн табылып, ата-энесине сак-саламат жеткирилип берилген.

Өз кезегинде кыздын ата-энеси кайгуул кызматкерлеринин ыкчам аракетине рахматын айтып ыраазычылыгын билдирген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД