Унаасына жасалма номер тагып айдап жүргөн айдоочу кармалды

Милициянын кайгуул кызматкерлери жасалма номур менен жүргөн айдоочуну кармады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 28-ноябрында Бишкек ШИИББ боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жаткан учурда болжол менен саат 17:20 чамасында Ахунбаев жана Матросов көчөлөрүнүн кесилишинен жол эрежесин бузган "Toyota Crown" үлгүсүндөгү авто унааны токтотушкан.

Кызматкерлер авто унаанын керектүү документтерин текшерүү учурунда 1979-жылы туулган А.К. аттуу айдоочу авто унаасынын мамлекеттик номурун жасалма окшош номур кылып айдап жүргөндүгү аныкталган. Анткени авто унааны Россия Федерациясынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын базасындагы "Авто-Код" жана Авто-Проверка" сайты менен текшерген учурда бул унаанын кузовунун номуру техникалык каражаттагы номурга дал келген эмес. Так эле ушундай авто унаа Россия Федерациясында катталып, азыркы учурда айдап жүргөндүгү аныкталган.

Бул факты боюнча авто унаа убактылуу айып короо жайына токтотулуп, ал эми айдоочусу андан ары чара көрүү үчүн, Октябрь райондук тергөө кызматына жеткирилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД