Чүйдө автоунаа уурдап кеткен деп 18 жаштагы жигит кармалды

Чүй облусунун Москва районунда автоунаа айдай качууга шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 21-октябрь күнү Москва районунун ИИБнө жергиликтүү 29 жаштагы жашоочу арыз менен кайрылып, "Митсубиси Лансер" үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз бирөөлөр айдап кетишкенин билдирген.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 206-беренеси (Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Москва РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы автоунаа Бишкек-Чалдовар автожолунда жол кырсыгына учурап, анын айдоочусу окуя болгон жерден из жашырып кеткени аныкталган.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 18 жаштагы К.А. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Сотко чейинки өндүруш иштери улантылууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД